Баңгизат таасириндеги айдоочу адамды коюп кеткен соң, машинасынын сынган тетиктерин жыйнап алып, кетип калган.
Машина Бишкектеги гараждардын биринен табылган. Анын маңдайкы сынган терезеси гана ордунда калып, жол кырсыгын көрсөткөн башка тетиктери жок болгон.
Машина атайын токтотуучу жайга алынып келип, айдоочу Бишкек ШИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Анын баңгизат чегип алганы белгилүү болгон.
Бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.