• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тогуз жаштагы окуучусу класс жетекчиси тарабынан сабалды

23 Аяк оона 2019 9:19 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Челак шаарындагы №79 мектептин тогуз жаштагы окуучусу класс жетекчиси тарабынан сабалды. Бул тууралуу жабыркаган окуучунун атасы билдирди.

«Жат жазууда уулум ката кетиргендиги үчүн мугалим аны 36 окуучунун көзүнчө сабаган. Кичинекей ката үчүн башына жана сол ийнине көп жолу урган. Азыр баламдын ийни бүт көгөргөн», — деди ал.

Анын айтымында, учурда уулу психологдун жардамын алып, дары ичүүдө. «Баламдын нерви жабыркаган. Аны психологго, невропатологго жана травматологго көрсөттүм. Учурда үйдө дарыланып, бир нече дары ичип жатат», — деди ал.

Жергиликтүү милициянын өкүлү окуучунун сабалышы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

«Окуучу экспертизадан өттү. Учурда анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Мугалимден, окуучудан жана анын атасынан түшүнүк кат жаздырып алдык», — деди ал.

Мектептин директору Асад Жураев бул окуяга байланыштуу мекемеде ички териштирүү башталганын билдирди.

«Биз мугалимге сөгүш жарыяладык. Чынында ал өтө тажрыйбалуу педагог. Болгону ал күнү үйүндө жаңжал чыгып, ага капалангандыктан балага кол көтөргөн. Учурда ал кылганына өкүнүп жатат», — деди директор.

Количество просмотров: 865