• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Тойдо чыр чыкты. Илимбек Исраилов тамаданы бир чапты

24 Бештин айы 202421:36 Бишкек Govori.TV

ЖМКларга каршы акцияларды уюштурган Илимбек Исраилов алып баруучуларды микрофон менен башка чапты. Окуянын видеосу соцтармактарда тарап, кызуу талкууга алынууда.

«Ырыс алды ынтымак» аталышындагы фейсбук-кечесинде тамадалык кызматты УТРКнын алып баруучулары Керемет Сабыржанова менен Чыңгыз Рыскелдиев аткарып жатышкан. Ортого чыккан Исраилов алгач алып баруучу баланы андан соң мырзаларды жардамга чакырган алып баруучу кызды микрофон менен башка чаап салган.

Илимбек Исраилов Азаттык, Кактус, Kloop сайттарына, журналисттерге жана бейөкмөт уюмдарга каршы митингдердин жана нааразылык акциялардын уюштуруучусу жана катышуучусу катары белгилүү.

Количество просмотров: 291