• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча комиссиянын директорлугунан бошотулду

6 Аяк оона 202420:44 Бишкек Govori.TV

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров өзүнүн арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы 6-сентябрда маалымдады.

Тойгонбай Абдыкаров бул кызматка 2021-жылы 3-июнда дайындалган.

Азырынча анын ордуна ким бара турганы белгисиз.

Количество просмотров: 121