Кыргызстандагы тойканаларга массалык иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
«Республикалык штабда ресторандарда үй-бүлөлүк, маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуштама айтылды. Ошондой эле 50 орундан ашуун тамактануучу жайлардын иши дагы чектелет. Башка өлкөлөр сыяктуу, иштин башка түрү колдонулат. Буйрутмалар айтылган дарекке жеткирилип турат», — деди вице-премьер-министр.