• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токаев Алмата шаарынын атын өзгөртөт

16 Бештин айы 2019 9:46 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев Алмата шаарынын атын өзгөртүү идеясы шаар жашоочуларынын пикирин эске алуу менен талкуулоо мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ТАСС агенттигине президенттин кеңешчиси Ерлан Карин билдирген.

«Олжас Сулейменов — түштүк калаанын атын көптөн бери алмаштыруу керек деп жүрөт. Бирок ал бул идеяны президент менен жолукканда көтөргөнү аны мамлекет башчысы колдойт дегендикке жатпайт. Президент Алматыны өнүктүрүүнүн башка актуалдуу маселелерине токтолгусу келет. Бул тууралуу ал шаардын активдери менен жолукканда айтты», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми коомдук ишмер жана жазуучу Олжас Сулеймановдун айткандары боюнча, президент Касым-Жоомарт Токаев Алмата шаарын 1993-жылга чейин алып жүргөн мурдагы аталышына өзгөртүүнү колдоого алган.

Кошумчалай кетсек, Алмата Казакстандын эң чоң шаары, мурдагы борбор шаарларынын бири. Алматада 1,300,900 адам жашайт. Мурун Казак КСРдин борбору болгон, бирок Казакстан эгемендүүлүкө жеткенде, Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Абишевич Назарбаев өз буйругу менен өлкөнүн борборун Алматадан Астанага которгон.

Количество просмотров: 193