• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташкент абасы кир шаарлардын катарына кирди

4 Үчтүн айы 2024 9:50 Бишкек Govori.TV

Ташкент дүйнөдөгү абасы өтө булганган жыйырма шаардын катарына кирди. IQAir сайтынын 3-январдагы маалыматына караганда, Ташкент булганган калаалардын арасында 18-орунга чыкты.

Саат таңкы 8:00дөгү маалымат боюнча, Ташкенттин абасында PM2,5 бөлүкчөлөрүнүн көлөмү 67,5 мкг/м3 түздү. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарынан (5 мкг/м3) 18,7 эсеге көп.

Бишкек эң булганган шаарлардын катарында 24-орунда, Астана 96-орунда турат. Бул тизмеге Душанбе жана Ашхабад кирген эмес.

2022-жылдын 14-декабрында Ташкент абасы ден соолукка кооптуу деп саналган шаарлардын тизмесинде үчүнчү орунду ээлеген. Анда абадагы РМ2,5 бөлүкчөлөрүнүн көлөмү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарынан 55 эсе көп болгон.

3-январь күнү эртең менен дүйнөдөгү булганган шаарлардын үчилтигине Индиянын Колкута, Пакистандын Карачи жана Бангладештеги Дакка шаарлары кирди.

Количество просмотров: 130