Бүгүн, 10-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун онлайн саммитинде сөз сүйлөп, Казакстандагы кырдаалга токтолуп, болуп өткөн окуялар Казакстанга каршы террордук согуш жана мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети экенин билдирди.
«Казакстан тарыхтагы эң оор кризисти башынан өткөрүп жатат. ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүн Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү. Өлкөдөгү акыркы окуяларга токтолуп өтөйүн. Бардык согуштук аракеттер бир борбордон координацияланган. Митингчилер көптөн бери чабуулга даярданып, негизги максаты өлкөдөгү бийликти басып алуу. Күч органдарынын 16 кызматкери көз жумду. Баш аламандык учурунда жөнөкөй жарандардын ичинен каза болгондор бар. Алардын так саны учурда такталууда. 100 дөн ашуун соода борборлор тонолду, келтирилген чыгым эсептелип жатат. Казакстан ЖККУдан жардам сурады. Бүгүнкү күндө ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнөн 2030 аскер жана 250 техника бар. Казакстандын бийлиги митингчилерге каршы курал колдонгон эмес. Казакстанга кол салууну уюштургандар агрессиянын бир нече толкунун болтурду. Биринчи этапта тынчтык митингдери өтүп, анан саясий нааразычылыктар башталды андан кийин Алматыга куралчан согушкерлер үч тараптан «чөөнүн үйүрүндөй» кол салышты»,-деди Токаев.