• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Токаев азык-түлүктүн кымбаттаганы үчүн өкмөттү сындады

14 Теке 2022 18:30 Бишкек Govori.TV

14-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  өкмөттүн бааларды турукташтыруу боюнча чаралары натыйжасыз экенин билдирди.

Өкмөт жыйынында сөз сүйлөгөн Токаев кол алдындагыларды инфляцияны «эскиче» токтотууга аракет кылып жатат деп айыптады.

«Өкмөт бюджеттен кошумча каражат бөлүп, бааларды жасалма түрдө жөнгө салууда. Башкача айтканда, жогорку баанын себеби менен эмес, кесепети менен күрөш жүрүп жатат. Чын-чынында тескерисинче болушу керек эле. Өкмөт бардык жоопкерчиликти аймактарга жүктөп койду. Алар административдик ресурсту колдонуп, дүкөндөрдү кыдырып жүрүшөт. Башка жол жана жаңы идея жок. Мындай иш эч качан натыйжалуу болгон эмес. Базар мыйзамына жооп берген жаңы позиция жок», — деди Токаев.

Токаевдин айтымында, азык-түлүк инфляциясы 19,2 пайызды түздү. Айрым өнүмдөрдүн баасы бир жылда дээрлик эки эсеге кымбаттады.

Бул арада Казакстандын бардык аймактарында кумшекер тартыш болуп, жарандар кант сатып алуу үчүн дүкөндөрдө кезекте турушат.

Токаев кумшекерге байланыштуу абалды «уят» деп атады. Ал соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен айыл чарба министри Ербол Карашукеевге сөгүш жарыялады. Токаев акыркы төрт жылда кант кызылчасынын аянты 30% кыскарганын, Казакстан 90% импорттук кумшекерден көз каранды экенин билдирди. Ал шекер тармагын өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 282