• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстанда Улуттук банктын төрагасы алмашты

4 Аяк оона 2023 16:22 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Улуттук банкынын башчысы Галымжан Пирматовду кызматтан алды.

«Казатомпром» компаниясынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Галымжан Пирматов Улуттук банктын башчылыгына 2022-жылы февралда дайындалган.

Токаев 1-сентябрдагы кайрылуусунда Улуттук банктын инфляцияга каршы күрөшүү үчүн жогорку базалык ченди пайдаланып жатканын сынга алган.

Пирматов башкарып турганда Улуттук банк бир нече жолу базалык ченди жогорулатып, аны инфляциянын өсүүсүн басаңдатуу зарылдыгы менен түшүндүргөн. Быйыл августтун аягында каржы көзөмөл органы үч жылдан бери алгачкы жолу базалык ченди 16,75 пайыздан 16,5 пайызга төмөндөткөн.

Августтун жыйынтыгы менен Казакстанда инфляция басаңдап, жыл ичиндеги баалардын өсүүсү 13,1% түздү. Бирок буга карабастан, өлкө инфляциянын өсүүсү боюнча мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен дале биринчи орунда калууда. Мындай маалымат «Геостатистика» telegram-каналына жарыяланды.

Токаев Пирматовдун ордуна Улуттук банктын төрагасы кызматына Сенат депутаттарынын макулдугу менен Тимур Сулейменовду дайындады. Ал 1-сентябрга чейин президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Количество просмотров: 81