• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстанда селден улам көчүрүлгөндөрдүн саны 100 миңге чукулдады

12 Чын куран 2024 17:23 Бишкек Govori.TV

Казакстанда ири суу ташкындары башталгандан бери 99 869 адам, анын ичинде 36 591 бала эвакуацияланды.

Жалпысынан 2 960 адам, анын ичинде 935 бала суу каптаган аймактардан аба жолдору аркылуу куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Убактылуу жайгаштыруу борборлорунда алты жарым миңден ашуун адам калууда, анын 3 197син балдар түзөт.

Акмоло, Актөбө, Атырау, Костанай, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан облустарында 3 563 жеке турак-жай жана 563 сарай сел алдында калууда.

Дагы ондогон жол, тогуз көпүрө көзөмөлдө. 66 калктуу конуш транспорттук байланышсыз калууда. Жергиликтүү аткаруу органдары калк менен байланышып, керектүү азык-түлүк жана дары-дармек запастарын топтошту.

Жабыркаган аймактарга миңдеген тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Бийлик калктуу конуштардын жана аймактардын суу каптоосун, автожолдордун жуулушун табигый кырсык катары сыпаттады. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев акыркы 80 жылда мындай масштабдагы суу ташкыны болбогонун билдирди. Ал 6-апрелдеги жарандарга кайрылуусунда жабырлануучулардын бардыгына материалдык жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлүп, бардык материалдык чыгымдын орду толтуруларын билдирген.

Количество просмотров: 204