Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келет. Бул тууралуу 20-майда өткөн маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.
Маалым болгондой, Токаев 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) видеоконференция форматында саммитине жана Бишкекте өтө турган пленардык жыйындарга катышат.
Кожошев президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда чек арадан жүк ташуу маселелери дагы талкууланарын айтты.
“Казакстан тарап көйгөйдү толугу менен чечкенге даяр. Бул президенттердин жолугушуусунда карала турган маселелердин ичинде бар”, — деди Кожошев.