• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Токаев үчүн Каабанын эшигин ачып беришти

25 Теке 202215:02 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Исламдын башкы ыйык жайы – Мекке шаарында умра (кичи ажылык) жасады, деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы.

Токаев өзгөчө сый-урмат менен сыйланды – ал Каабанын ичине кирди, анын эшиги өзгөчө учурларда кадырлуу коноктор үчүн ачык.

Бул Сауд Аравиясынын жетекчилиги тарабынан Казакстандын лидерине болгон терең урмат-сыйынын далили болду, деп белгиледи президенттин басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 2969