• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун кубаттады

21 Теке 2022 12:43 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун колдоду.

Анын айтымында, коңшу Казакстан чек аралаш аккан дарыялардагы суу ресурстарын өз ара пайдалуу максатта колдонуу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

«Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Гидроэлектр станциялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жакшы шарттарды түзөт», — деди Токаев.

Количество просмотров: 135