• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Улуттук илимдер академиясына кезек келип жетти». Жапаровдун маеги

15 Чын куран 2024 17:32 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 13-апрелде Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барып, кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, академиянын жетекчилиги менен сүйлөшүп кайткан.

Жапаров буга байланыштуу «Кабар» агенттигине маек берип, илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарылдыгына токтолгон.

Төмөндө маекти өзгөртүүсүз келтиребиз:

— Өткөн ишембиде сиз Илимдер академиясына, ботаникалык бакчага пландан тышкары барып кеттиңиз. Бул жаңылыкты социалдык тармак колдонуучуларынын бир тобу “Мамлекет эми илимге көңүл бурат экен” деп кабыл алууда. Илимпоз, академиктерибиз менен эмне тууралуу сөз болду? Академияга барганыңыздын максаты туурасында кененирээк айтып берсеңиз?

— Ачык айтсам Илимдер академиясына эми кезек жетти. Президент болгонумда биринчи жолу ушул Илимдер академиясынын босогосун аттадым эле. Быссмылда дегенде ишимди илим-билимден баштайын деген планым бар эле.

Бирок тилекке каршы чарбалык иштерибиз, мамлекеттин ички тышкы көйгөйлөрү, мамлекеттин коопсуздугу, элдин жашоо турмушу таптакыр артта калып кетиптир. Үч жыл убактыбыз чарбалык иштерге кетти. Баш мыйзамды жаңыдан жазуу, башка мыйзамдарды ага туура келтирүү, башкаруу системасын жолго коюу менен да алек болдук. Баарын бир нукка салгандай болдук окшойт.

Мына эми Улуттук илимдер академиясына кезек келип жетти.

Буга чейин тээ союз мезгилинен бери биздин жеңил өнөр жайыбыз жакшы эле өнүгүп, оор өнөр жайыбыз таптакыр өнүкбөптүр.

Байкасам бир дагы техниканы 100 пайыз өзүбүздөн чыгара албайт экенбиз. Заманбап техникаларды айтпай эле коёюн. Илгерки союз мезгилиндеги жөнөкөй техникаларды 100 пайыз өзүбүздөн чыгара албайт экенбиз. Азыркы модалуу сөз менен айтканда «Отвёрточная сборка» менен гана алектенет экенбиз.

Коңшу мамлекеттер космоско учабыз деп жатышат. Биз болсо велосипед чыгара албайбыз. Ошондуктан Улуттук илимдер академиясын болушунча максималдуу түрдө иштетели деген планыбыз бар. Бизде 39 академик бар экен.

Бирок тилекке каршы, өзүбүздөн заманбап техниканы жүз пайыз чыгара албайбыз. Тагыраагы, долбоор жасай албайт экенбиз. Баягы эле китеп жазуу, айыл чарбалык иштерин изилдөө, кен-байлыктарды изилдөө сыяктуу майда-чүйдө иштер менен алек болушат экен.

Илимдер академиясын сөзсүз түрдө сактап калуубуз абзел. Бул жөнүндө башка пикир болушу дагы мүмкүн эмес. Башка маселе, анын статусу, формасы менен мазмуну кандай болушу шарт? Азыр дүйнө жүзү алдыңкы илимий технологиялар боюнча катуу аракеттерди жасап жатат. Илим менен техникага өнүгүү приоритетин берген өлкөлөр укмуш ийгиликтерди жаратууда. Азыр алдыңкы орунга нанотехнология, биотехнология, маалымат технологиясы чыгып отурат. Жасалма интеллект менен алектенген аракеттер кеңири кулач жаюуда.

Аталган алдыңкы технологиялардан биздин Академия эмне үчүн артта калуусу керек? Мен бул багытта катуу талап коюп жатам. Илимдер академиясынын негизиги милдети — бул фундаменталдык илимдерди өрчүтүп, анын колдонмо функцияларын күчөтүү эмеспи?

Биз бул багытта Академияны каржы жагынан толук кандуу колдоого даярбыз. Ал үчүн алар өздөрү азыркы абалдарын кескин түрдө жакшыртуу аракеттерин көрүшү зарыл. Өз тагдырларын жана Академиянын келечегин өздөрү гана түптөй алышат. Ал жерде илимий кадрларды даярдоо маселелери начар экен.

Мен 2022-жылдын 10-майында бир олуттуу жарлыкка кол коюп, «Эл үмүтү» аттуу долдоорду баштагамын. Негизги максатым — магистратура жана PhD программалары боюнча жаш окумуштууларыбыз дүйнөнүн эң алдыңкы 100 университетинде билим алууга шарт түзүп берүү болгон.

Мына, акыркы эки жылда ал долбоор иштеп баштады. 2022-жылы 9, ал эми 2023-жылы болсо 17 жаш талант сертификат алып, чет мамлекеттерге жөнөтүлүшкөн. Булар ошол Илимдер академиясынын дагы кадрлар резервдери болуп калышат да! Ошондуктан Академия өзү дагы ушундай демилгелерди колго алуусун талап кылам.

Айрыкча, табигый жана техникалык илимдерди изилдөөнү күчөтүү зарыл. Эмне үчүн физика, математика, химия жана биология багытындагы илимий институттардын дымы чыкпай жатышат? Ооба, мен түшүнөм. Аларга заманбап, илимий куралдар, реактивдер, приболор ж.б. жабдыктар жетишсиз болуп жатыптыр.

Бирок, биз каржы маселесин чечүүгө аракеттерди көрүп жатабыз го? Башка маселе кайсы багыттарга приоритет берүүгө жөндөмдүүбүз? Ошону академиктер так көрсөтүшсүн. А биз болсо, анализдеп көрүп жардам беребиз. Менимче бул багытта өздөрүндө чар жайыттык орун алып келгендей. Кыскасы, КУИАнын терең реформалабасак болбой калыптыр. Антпесе бул мекеме бир ууч эле «окумуштуулардын жабык клубуна» айланып алгандай таасир калтырат.

Азыр эми академияга бардык шарттарды түзүп берип, академиянын ишин толугу менен жаңы нукка бурабыз. Жаңы тапшырмаларды коёбуз. Менин максатым ушул.

Маектешкен «Кабар» КУМАнын башкы директору Медербек Шерметалиев

Количество просмотров: 97