Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-январда соңку нааразылыктарда эң чоң башаламандыктар болгон Алматы шаарына барды.
Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали кабарлагандай, президент анда Алматы шаарынын ыкчам-тактикалык тобунун отурумуна катышты. Каза болгон күч кызматкерлеринин жакындары менен жолукту.
Касым-Жомарт Токаев жыйында Алматы “террорчулардан толук тазаланганын” айтып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери 13-январдан баштап чыгарыла баштай турганын кайталады. Мындай билдирүүнү ал 11-январда жарыялаган.
Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон. Эң чоң баш каршылыктар жана жоготуулар Алматы шаарында болду.
Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.
Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» деп атаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды «террорчулар» деп атаган.