Экзит-поллдун жыйынтыгында жеңген Касым-Жомарт Токаевдин президенттик шайлоо өнөктүгү Казакстандын тарыхында калат. Мындай пикирин Токаев өзү штабынын мүчөлөрүнө сүйлөп жатып билдирди.
Экзит-поллдун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Токаев штабдын мүчөлөрү менен сүйлөшүп, аяктаган шайлоо өнөктүгүн “тарыхый” деп атады. «Бул өнөктүк биздин тарыхта калаары талашсыз. Exit Poll жыйынтыгы жарыяланды. Албетте, шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошого карабастан, эл мага президент катары жана сиздердин бардыгыңыздарга ынандырарлык ишеним билдирди деп айтууга болот. Элдин ишеними эң башкы баалуулук. Элдин бул ишенимин актоого тийишпиз деп ойлойм. Андыктан бүгүн, 21-ноябрдан баштап баарыбыз ишке киришишибиз керек», — деди ал.
Токаевдин айтымында, шайлоо “мыйзам чегинде өттү”, президенттикке талапкерлердин бардыгына “тең мүмкүнчүлүктөр” берилди: “Алар аймактарды ээн-эркин кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп, үгүт иштерин жүргүзүштү. Эч кимге эч кандай чектөөлөр болгон жок. Ар бир шайлоочуга тандоо эркиндиги берилген. Ошондуктан бул өнөктүк таза жана ачык өттү”.
Азыркы президент президенттик шайлоо жаңы саясий доорду ачып, келечекте бийликтин бардык негизги институттары реформаланарына ишенет. Ал Казакстан конституциялык реформаларды ырааттуу түрдө ишке ашыра баштайт деп ишендирди, бул өлкөнүн саясий түзүлүшүнүн жаңы формасына алып келет.
Өлкө башчынын айтымында, экономикада түпкү өзгөрүүлөр болот: «Биз жарандардын бакубаттуулугун жакшыртабыз. Бул максаттардын бардыгын ишке ашыруу үчүн биримдик керек. Андыктан бардыгыңыздарды биримдикке чакырам!”.
Казакстандагы «Ачык коом» институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду.
Экинчи сапка 5,2% менен «Баарына каршы» деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.
Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.