• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады

29 Чын куран 202218:10 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча республикалык референдум өткөрүүнү сунуштады. Токаев Казакстанда Конституция боюнча референдум акыркы жолу 1995-жылы өткөнүн, анда азыркы Баш мыйзам кабыл алынганын белгиледи.

«Андан соң «Республикалык референдум жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынып, бирок иш жүзүндө бир да жолу колдонулган эмес. Ага карабай Конституцияга төрт жолу өзгөртүүлөр киргизилген. Жалпы элдик добуш берүү менен Конституцияны өзгөртүү – элдин эрки», — деди Токаев.

Жалпысынан 33 берене боюнча 56 өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Токаев референдум ар бир жаранга эл тагдырын аныктоо ишине катышууга мүмкүндүк берерин, демократияга багыт алууга шарт түзөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 95