• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Токаев өлкө аймактарында конституциялык тартип калыбына келтирилгенин айтты

7 Үчтүн айы 2022 11:42 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын бардык аймактарында конституциялык тартип негизинен калыбына келтирилгенин айтты. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Токаев жума күнү эртең менен президенттик администрациянын, коопсуздук кеңешинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинин катышуусунда терроризмге каршы штабдын жыйынын өткөрдү.

«Антитеррордук операция башталды. Укук коргоо органдары кызуу иш алып барууда. Негизинен өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип калыбына келтирилди. Кырдаалды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөп турат», — деди казак лидери.

Ага карабастан ал антитеррордук операцияны улантуу керектигин белгиледи.

«Террорчулар курал колдонууну жана жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүнү улантууда. Андыктан антитеррордук иш-чаралар согушкерлер толугу менен жок кылынмайынча улантылышы керек», — деди Токаев.

Буга чейин «Хабар 24» телеканалы Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, укук коргоо органдары 3 миңден ашык кишини кармаганын, 26 куралчан кылмышкер өлтүрүлгөнүн, дагы 18и жарадар болгонун билдирген.

Количество просмотров: 1051