• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Токаев министр дайындаса, орус аткаминерлери ызы-чуу салды

13 Үчтүн айы 2022 18:19 Бишкек Govori.TV

Казакстанда премьер-министрдин мурдагы биринчи орун басары Алихан Смаилов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Министрлер кабинетинин көпчүлүк мүчөлөрү өз орундарын сактап калышса, кээ бирлери кызматтык тепкичтен көтөрүлүштү.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Аскар Умаров Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигин жетектемей болду.

Көп өтпөй, орус басылмалары кызматка дайындалган Аскар Умаров буга чейин «ТүркМедиа» деген лакап ат менен социалдык тармактарда Орусияга байланыштуу чуулгандуу билдирүүлөр менен комментарийлерди калтырып жүргөнүн жазып чыгышты.

Бул арада «Россотрудничество» уюмунун башчысы Евгений Примаков Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министри менен иштешүүдөн баш тартышканын Telegram-каналына жазды.

«Россотрудничество Казакстандын ички иштерине кийлигишүүнү каалабайт, бирок өлкөнүн жаңы маалымат министри Аскар Умаров менен иштешүүдөн баш тартат»,-деп жазган ал.

Ал эми Умаров өзүнө коюлган айыптарга төмөндөгүдөй жооп берген.

«Россия Федерациясынын биздин өлкөгө көрсөткөн колдоосу ыраазычылыкка арзыйт. Мен дагы бир жолу коңшулар менен бир туугандык мамилелерге берилгендигимди ырастагым келет», — деген Умаров.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Аскар Умаровдун мурунку ыңгайсыз сөздөрүнө эмес, кызматтагы жаңы сөздөрүнө баа бере турганын билдирип, Казакстандын бардык өкмөт мүчөлөрү менен иштешүүгө даяр экендигин кабарлаган.

Количество просмотров: 3977