• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Токаев президенттин ыйгарым укуктарын чектеген мыйзамдарга кол койду

7 Жетинин айы 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын чектеген бир нече мыйзамга кол койду. Мыйзамдар топтому быйыл июнь айында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөн жалпы республикалык референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына карата айрым ыйгарым укуктары кыскартылат (эми мамлекет башчысы шаарлардын жана аймактардын жетекчилерин жергиликтүү депутаттардын макулдугу менен гана дайындай алат). Мындан тышкары парламенттеги «президенттик квота» кыскартылып, мамлекет башчысына саясий партияларга мүчө болууга, тууган-уругуна саясий кызматтарда жана мамлекеттик мекемелерде жетекчи болуп иштөөгө тыюу салынат.

Ошондой эле 2023-жылдын 1-январынан тарта 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайрадан иштей баштайт. Жаңы мыйзамдар адам укуктары боюнча ыйгарым өкүлдүн макамын, көз карандысыздыгын жана ыйгарым укуктарын бекитип, башкы прокурордун укук коргоо функциясын күчөтөт.

6-июнда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга жалпы шайлоочулардын 68% катышып, алардын 77% Конституцияны өзгөртүү сунушун колдогонун билдирген.

Касым-Жомарт Токаев өлкө Конституциясына өзгөтүүлөрдү киргизүүнү Январь окуяларынан кийин сунуштаган.

Количество просмотров: 127