• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токаев шайлоого «элдик коалициядан» барарын билдирди

7 Тогуздун айы 2022 10:34 Бишкек Govori.TV

Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “элдик коалициядан” барарын билдирди. Үч коомдук уюм менен үч партиядан турган коалициянын түзүлгөнү 6-октябрда жарыяланган.

Токаев анын талапкерлигин колдогон “элдик коалициянын” форумунда көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоо таза жана адилет өтөрүнө кайрадан убада берди.

Токаев өз сөзүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мактап, мамлекеттик түзүлүштүн башкы формуласы – күчтүү президент – таасирдүү парламент – отчет берүүчү өкмөт экенин белгиледи.

6-октябрда Amanat, “Ак жол” жана Казакстандын Элдик партиясы Токаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөткөн.

Андан бир күн мурун Токаев президенттикке бир партиядан эмес, коомдук-саясий күчтөрдүн кеңири коалициясынан ат салышууга ниеттенип жатканын айткан.

1-сентябрда мамлекет башчы мөөнөтсүз президенттик шайлоо тууралуу жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

Айрым эксперттер Токаев бул шайлоо аркылуу өз позицияларын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтышат.

Количество просмотров: 106