• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Токаев: Төңкөрүш жасоого аракет жасагандардын арасында белгилүү адамдар болгон

16 Жалган куран 202217:23 Бишкек Govori.TV

Январь окуясы учурунда төңкөрүш жасоого аракет кылгандардын арасында белгилүү адамдар да болгон. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 16-мартта парламент палаталарынын биргелешкен отурумунда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү бир катар өзгөрүүлөр кээ бир топторго жаккан эмес. Ошондуктан алар президентти бийликтен четтетүүнү каалашкан.

«Төңкөрүш жасоого умтулгандардын арасында белгилүү адамдар болгон. Жогорку кызматтагы аткаминерлер мамлекетке чыккынчылык жасады. Алар укук коргоо органдарынын мыйзамга шайкеш иш алып баруусуна тоскоолдук кылышты. Өкмөткө шаарлардагы абал тууралуу жалган маалымат беришти», — деди Токаев. Бирок ал эч кимдин атын атаган жок.

Токаев январь окуялары учурунда айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыйноо колдонгонун мойнуна алып, бул фактыларды иликтөөгө жеке өзү тапшырма бергенин кошумчалады.

Количество просмотров: 86