• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токаев: Тынч митинг менен бандиттердин кандуу кылмышын ажырата билүү керек

16 Жетинин айы 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 16-ноябрда эл менен жолугушуусунда январь окуяларына токтолуп, дагы бир жолу «кутумчулар», «радикалдар» жөнүндө айтты.

«Алар тынч митингди биздин өлкөдөгү туруктуулукту бузуу үчүн колдонушкан. Бул жерде тынч демонстрациянын себептери менен мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырууга аракет жасаган кутумчулардын максаттарын так ажырата билүү керек», —деди Токаев.

Президент коомчулукка ажырым салууга аракет жасаган деструктивдүү күчтөр жөнүндөгү сөзүн кайра кайталап, башаламандыктын катышуучуларын баатыр катары көрсөтпөөгө үндөдү.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми бир жолу гана жети жылдык мөөнөткө шайланат. Казакстанда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.

Количество просмотров: 68