• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токаев Өзбекстанга барат

20 Бештин айы 202215:15 Бишкек Govori.TV

21-22-декабрь күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат.

Маалыматка ылайык, ал коңшу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун, алака-катыштын актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Ошондой эле тараптар бир катар инвестициялык ири долбоорлорду бирге ишке ашырууну сүйлөшөт жана маанилүү документтерге кол коюла турганы кабарланды.

Количество просмотров: 93