• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Алматыга келген Токаевди брондолгон техника жана вертолёт коштоп жүрөбү?(видео)

12 Үчтүн айы 202214:05 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта казак президенти КУасым-Жоомарт Токаевдин кортежи деген видео тарады. Анда президенттин кортежи брондолгон техника коштоп жүргөнү кабарланган.

«Делегация Сейфуллин проспектиси менен Кабанбай батыр көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Rixos мейманканасына бет алды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Telegram каналдарга да видео жарыяланып, Алматыга келген Токаевди брондолгон техникадан тышкары тик учак да оштоп, карап жүргөнү айтылат.

Казакстандагы «vlast.kz» басылмасынын күч түзүмдөрүндөгү жана президенттик администрациядагы төрт булагы Касым-Жомарт Токаевдин Алматыда экенин тастыктаган. Бирок, бул боюнча анын басма сөз кызматы азырынча расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 3984