• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Токио-2020»: Үзүр Жусупбеков алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты

2 Баш оона 202110:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-августта балбан Үзүр Жусупбеков «Токио-2020» жайкы Олимпиадада алгачкы жолу килем үстүнө чыгып, жеңилүү ызасын тартты.

97 килограмм салмакта килемге чыккан кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө армениялык күчтүү делген Артур Алексанян менен кез келип, 4:1 эсебинде утулуп калды.

Эгерде Артур Алексанян финалга чыкса, анда Жузупбеков жубатуучу беттешке чыгып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышы мүмкүн.

Количество просмотров: 281