• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
97kg GR — U. Dzhuzupbekov (KGZ)

Олимпиада-2024: Үзүр Жузупбеков чейрек финалга чыкты

6 Баш оона 202416:19 Бишкек Govori.TV

Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков чейрек финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 16 спортчу катышууда.

Кыргызстандык 1/8 финалдан баштап, литвалык Миндаугас Венскайтис менен беттешти. Беттеш 4:1 эсебинде Жузупбековдун пайдасына аяктап, чейрек финалга чыкты.

Анын кийинки атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави болмокчу.

Количество просмотров: 223