• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Ак шумкарлар” Орусиянын командасына жеңилип калды

24 Аяк оона 202222:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусиянын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн 24-сентябрда Бишкек убактысы менен саат 20:00дө Д. Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, “Ак шумкарлар” 2:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Орусиялык футболчулдардын дарбазасына биринчи голду Алимардон Шүкүров 23-мүнөттө киргизди.

Ал эми Орусиянын курама командасы эсепти 29-мүнөттө пенальти менен теңдеди.

2-таймдын соңку мүнөттөрүндө Орусиянын футболчусу «Ак шумкарлардын» дарбазасына экинчи гол сокту. Оюн 2:1 менен жыйынтыкталды.

Количество просмотров: 183