• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токио Олимпиадасында спортчулардын парады болбойт

16 Теке 2021 0:06 Бишкек Govori.TV

Токио Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары ачылыш аземинде салттуу параддан баш тартууну чечишти.

Беларуссиянын Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим 15-июлда Эл аралык олимипада комитетинин президенти Томас Бахтын катышуусундагы өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынды.

Ачылыш аземи 23-июлда Улуттук олимпиадалык стадиондо болот.
Уюштуруу комитети жана ЭОК спортчулардын ден соолугун биринчи орунга коюшат. Олимпиаданын ачылыш аземине катышуучулардын санынын чектелиши коронавирустун жайылуусунун алдын алуу менен да байланыштуу.

«Ар бир спортчунун максаты — Олимпиада оюндарына катышуу жана көптөн бери күтүлүп жаткан старттын өтүшүнө эч нерсе тоскоол болбошу керек», — деп белгиледи Токио-2020 уюштуруу комитети.

Туу көтөрүүчүлөрдүн салтанатка катышуу маселеси дагы ачык бойдон калууда. Уюштуруу комитети жакынкы аралыкта бул маселени чечүүгө аракет кылат.

Булак: баракелде.

Количество просмотров: 94