Тынайбек Сансызбаев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-август күнү Токмок шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өткөн. Биринчи сессияга Токмок шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Сулайман Ложаров ачкан.
Токмок шаардык кеңешинин төрагалыгына эки талапкер (Мирбек Иманалиев жана Тынайбек Сансызбаев) көрсөтүлгн. Депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк (18) добуш алып, Тынайбек Сансызбаев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.