Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, төртөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында Toyota Ipsum жана Hyundai Porter унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган Т.К. аттуу эркек каза болгон. Мындан тышкары 4 адам жабыркаган. (2 аял: 1989-ж.т. Ч.Ч., 1971-ж.т. Ө.В., 2 эркек: 1963-ж.т. Р.Б., 1963-ж.т. Э.Т.)
Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, ИИМ кызматына өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Токмок шаардык ооруканага жеткирилген.