Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Нусувалиев Максат Орозбекович Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн президент Садыр Жапаров кол койгон дагы тескемеге ылайык, Токмок шаарынын мэри Самаев Урматбек Обозбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.
Эске сала кетсек, УКМК Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендигин аныктап, кармаган. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Самаев 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Урмат Самаев Токмоктун мэри болуп 2021-жылдын августунда шайланган.