• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Токмокко мэр болгон Самаевдин ордуна ким депутат болуп келет?

1 Аяк оона 2021 12:34 Бишкек Govori.TV

26-августта Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урмат Самаев Токмак шаарынын мэри болуп шайланып, анын депутаттык мандаты бош калды.

«Кыргызстан» партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесине ылайык, мандат алуу үчүн кийинки кезекте Бекболотов Адылкан Керимкулович болчу, бирок ал былтыр декабрь айында көз жумган. Ал эми БШКнын материалдарында эч кандай белги коюлган эмес.

Тизмеге ылайык, андан кийинки сапта 38 жаштагы Ахмедов Канатбек Абдурашидович жазылган.

Ал тууралуу 2016-жылдын ноябрь айына чейин ошол эле фракциядан экс-депутат Чолпон Султанбекованын жеке жардамчысы болгондугу белгилүү.

Количество просмотров: 366