• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Токмокто 24 жаштагы жаран 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды

7 Жалган куран 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек тогуз кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы А.Ж. аттуу эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине ыкчам түрдө төрт куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти.

Алдын ала маалымат боюнча, аталган адамдын абалы туруктуу.

Количество просмотров: 141