Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайында оор кылмышка шектелип кармалган жаран өз өмүрүн кыюуга аркет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-апрелге караган түнү болжол менен саат 00:40 чамаларында убактылуу кармоочу жайда кармалган 46 жаштагы М.А. шейшеп менен эшиктин темирине өзүн-өзү асууга аракет кылган. Нөөмөттө турган кызматкер окуяны байкап калып, өз өмүрүн кыюуну алдын алууга үлгүргөн.
» Убаганда агачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, М.А. аман калган. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан окуянын себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.