• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Токмокто өгөй атасы тарабынан зордукталды делген өспүрүм тосмо арыз жаздыбы?

5 Үчтүн айы 2021 11:54 Бишкек Govori.TV

Токмоктогу өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүмдү социалдык коргоо кызматкерлери өгөй атасынын апасына алып барышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жактоочу Шердор Абдыкадыровго шилтеме берип жазды.

Жактоочу өспүрүм өгөй атасынын апасы жана өз апасы менен жолуккандан кийин тосмо арыз жазарын билдиргенин айткан.

«Кыз Токмок шаарынын социалдык коргоо кызматкерлери менен бир аз убакыт болгондон кийин ошол эле кызматкерлер тарабынан өгөй атасынын апасына жеткирилген. Ошол эле маалда кыздын өзүнүн таенеси менен таежеси аны өздөрү менен алып кетүүнү каалашкан. Бирок социалдык коргоо кызматына өгөй атасынын апасы жакыныраак сезилиптир. Андан кийин өспүрүм өз апасына барат. Аны менен жолуккандан кийин кыз тосмо арыз жазгысы келип жатат. Тергөөчүгө: «Ооба, өгөй атам зордуктаган. Бирок баары бир тосмо арыз жазам» деп жооп берди. Буга карата тергөөчү бул оор кылмыш болгондуктан тосмо арыз эч кандай таасир бербей турганын түшүндүрдү», — деп билдирген жактоочу.

Мындан тышкары жактоочу «Эмне себептен кызды өгөй атасынын апасына алып барышкан? Эмне себептен кызды кылмыштын катышуучусу болгон апасына жиберишти?», — деген суроолорго жооп таппай жатканын айткан.

Буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине байланышканыбызда жактоочунун айткандары такталып жатканын кечке чейин толук маалымат бериле турганын билдиришти.

«Жактоочунун айткандары боюнча маалыматты биз дагы жарым саат мурун уктук, учурда такталып жатат. Негизинен аталган үй-бүлө жактоочу Шердор Абдыкадыров менен иштешүүдөн баш тартышкан. Бул окуя боюнча азырынча комментарий бере албайбыз»,-деп билдиришти Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен.

Эске салсак, 19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген. Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын маалымдаган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кыз убактылуу таенесине берилерин кабарлаган. Андан кийин өспүрүм кыз Республикалык психикалык ден соолук борборуна жаткырылып, дарыланып жаткан эле.

Количество просмотров: 129