Токмок шаарында үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда үч киши бычактан жаракат алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 12-октябрда болгон. Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракат менен үч адам түшкөн.
Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46-жаштагы И.М. аттуу аял, анын 36-жаштагы Н.А. аттуу күйөө баласы жана 27 жаштагы К.М. аттуу аял киши жаракат алган.
Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатат.