Акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкуу жараткан «Куликовский» окуясы кадимки эле кардар менен кызматкердин ортосундагы түшүнбөстүк эмес. Бул — Кыргызстандагы мамлекеттик тилдин чыныгы абалын ачыкка чыгарган учур.
Бул тууралуу Кыйын ток-шоусунда талкуу жүрөт. Талкууга Бурул Усманали — активист, Шамшыбек кызы Назгүл — укуктук жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Гульмира Үмөталиева — журналист катышат.
Бир караганда, кеп таттуулар дүкөнүндөгү кызмат көрсөтүү тууралуу болуп жаткандай. Бирок маселенин тамыры тереңде. Эмне үчүн кыргызча тейлөө талап кылынганда бул дароо конфликтке айланат? Эмне үчүн мамлекеттик тилде сүйлөө айрымдар үчүн дагы эле «ашыкча талап» катары кабыл алынат?
Ошол эле кезде атайын ушундай конфликттүү окуяларды жаратып, ошонун негизинде элдин назарында, белгилүү болуу чоң суроону жаратат. Коомдо болуп жаткан талкууда бизнеске басым болуп жатканын айткандар бар, алардын айтымында бул чыр инвестициялык абалга терс таасир тийгизерин белгилешти.
Блогер Айтилек Орозбековдун Ютуб каналында 15 миңден ашуун катталуучу бар. Ал соода борборлорун жана коомдук тамактануучу жайларды кыдырып, кыргыз тилинде тейлөөгө чакырган видеолору менен белгилүү.
Орозбековго каршы кылмыш иши «Куликов» ишканасынын эмес, Чүй милициясынын интернетке мониторинг жүргүзгөн кызматкеринин рапортунун негизинде козголгон. Буга блогердин коомдук тамактануучу жайларга барып, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын талаптарынын сакталышы тууралуу тарткан жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына чыгарган видеолору себеп болгон.
Кыргыз тили — Конституцияда жана мыйзамдарда мамлекеттик тил катары так аныкталган. Бирок коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө, сервистик кызматтарда бул норма толук иштеп жатабы? Тилекке каршы, жок.
Көпчүлүк бизнес өкүлдөрү «кардарга ыңгайлуу болсун» деген жүйө менен орус тилин биринчи орунга коёт. Бирок суроо жаралат: эгер Кыргызстанда кыргыз тили ыңгайсыз болсо, анда ал кайда ыңгайлуу болушу керек?
Кыргызча тейлөөнү талап кылуу — агрессия да эмес, провокация да эмес. Бул — жарандык укук. Ошол эле учурда кардар менен кызматкердин ортосундагы диалог өз ара сый-урматтын негизинде болушу шарт. Тил маселесин кыйкырык эмес, система чечиши керек.
Көпчүлүк ишкерлер «кыргызча тейлөө кардар жоготот» деп кооптонушат. Бирок коомдук реакция тескерисинче нерсени көрсөтүүдө: кыргыз тилин сыйлаган бизнеске ишеним көбөйүп, колдоо күчөйт. Бул — репутациялык утуш.
Эң негизги суроо — мамлекеттик институттардын ролу. Тилди өнүктүрүү жарандардын демилгесине гана калбашы керек. Окутуу, талап, мотивация — үчөө тең бирдей иштеши зарыл. Болбосо, ар бир ушундай окуя коомдо кезектеги чатакка айланат.
«Куликовский» окуясы өтүп кетет. Бирок суроо калат:
Кыргыз тили — кагаздагы статуспу же күнүмдүк турмуштун тилиби?
“Куликов” кондитер үйү Кыргызстандагы бюджетке эң көп салык төлөгөн компаниялардын катарына кирет. Аталган бренддин Орусияда жана Казакстанда да филиалдары бар, анын азыктарын Өзбекстандан, Бириккен Араб Эмирликтеринен да сатып алса болот.