• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат: «Кыргыз тилинде тейлегиле» деп талап койгон кылмышпы?

15 Үчтүн айы 202611:43 Бишкек Govori.TV

Парламент жыйынында депутат Бактияр Калпаев «Куликов» компаниясы менен блогердин ортосундагы кырдаал боюнча пикирин билдирип, мекеменин позициясын туура эмес деп эсептей турганын айтты.

«Соттук териштирүүлөр уланууда, блогер тогуз айдан бери үй камагында. Мен сурайын дегеним: жарандардын «кыргыз тилинде тейлегиле» деп талап койгону кылмышпы?» — деп сурады депутат.

Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүткан Конкубаева бул суроого азырынча так жооп бере албастыгын, анткени документтерди кылмыш курамы бар же жок экенин аныктоо үчүн карап чыгуу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 190