Депутат Эрулан Көкүлов бүгүнкү жыйын учурунда ортоңку трибунага сөз алып өлкөдө «журналисттердин мафиясы” бар экенин айтып чыкты.
Көкүловдун ал буга чейинки ЖКда жасаган кайрылуусу атайын эксперимент болгонун, ал журналисттерге карата сын айткандан кийин ага карата чабуул башталганын айтты.
Ошондой эле депутат өз сөзүндө буга чейинки жол кайгуулчулары менен болгон чатагы, президентке берген суроолору тууралуу да кошумчалаган.
Анын кайрылуусунан соң депутат Акылбек Түмөнбаев сөз алып кесиптеши Көкүлов жеке маселесин айтуу үчүн негизги трибунаны колдонбошу керек деген сын-пикирин айтты.
Депутат Эльвира Сурабалдиева ар бир депутаттын айта турчу жеке маселелери көп экенин айтып, аны ЖКда көтөрүштүн кажети жок экенин белгиледи.