• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Токмокто куураган чөп жана бадалдар өрттөнүп жатат

26 Жетинин айы 202514:43 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп жана бадалдардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, учурда өрттү өчүрүү иштерине Токмок шаарынан 23 куткаруучу, 3 бөлүм, ККББнын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, Чүй районунан 7 куткаруучу, Токой кызматынан 17 кызматкер, КР ИИМден 10 кызматкер, Суу канал ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, Тазалык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа чыкты.

Жалпы 63 кызматкер, 3 бөлүм, 2 суу ташуучу унаа, 2 дрон тартылган.

Количество просмотров: 89