Алдын ала маалымат боюнча Токмок шаарына жанаша жайгашкан мамлекеттик “Заказник” жаратылыш аймагында өрт чыккан. Бул аймакта шамал болуп тургандыктан, өрт жайылып, бир топ аймак өрттөнүүдө.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен кошумча күч-каражаттары жөнөтүлдү.
Учурда жалпысынан 117 кызматкер, 5 өрт өчүрүүчү унаа, 2 суу ташуучу унаа, 1 ППУ, 2 дрон тартылган, 2 көчмө насостук станция, 2 техника тартылган.