• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Токмоктогу авиакырсык фактысы боюнча комиссия түзүлдү

21 Тогуздун айы 202215:54 Бишкек Govori.TV

Токмоктогу авиакырсык фактысы боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын жыйынында жарандык авиациянын жетекчиси Александр Настаев билдирди.

Анын айтымында, учак кечээ саат 08:03тө машыгуу учуу учурунда кырсыкка учураган.

«Мен кечээ учак кулаган видеону көрүп анын себептерин аныктай алган жокмун. Кыймылдаткыч жана башкалары деле иштеп жаткан, эмнеге кулаган себебин азырынча айта албайбыз. Техникалык себептерден уламбы же учкучтун катасы болдубу, азыры айтуу эрте», — деди Настаев.

20-октябрда, Чүйдө авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учак кулап, эки адам жараат алганы кабарланган. Кырсык Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда болгон. Учактагы эки адамдын биринин абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги 21-октябрда кабарлады.

Количество просмотров: 143