• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Токой кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

7 Бирдин айы 2024 17:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 28-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда каралган өзгөртүүлөр токойлорду кыйла натыйжалуу мамлекеттик башкарууга, туруктуу башкаруунун, токойлорду контролдоонун жана коргоонун заманбап жана прогрессивдүү механизмдерин киргизүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Атап айтканда, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү максатында токой чарбаларынын функцияларын токой башкаруучу (контролдоочу-жөнгө салуучу) жана токой чарбалык функцияларга бөлүү сунушталат; “токой маданий фонду” түшүнүгү жана мамлекеттик токой фондунун токойлуу эмес жерлеринде токой отургузууга мүмкүндүк берүүчү ченемдер киргизилет; токойду коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү үчүн токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуунун натыйжасында түшкөн каражаттарды токойлорду эсепке алуу, коргоо, токой өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларга жана мындай укук бузуулардын фактыларын тапкан жактарга төлөп берүүгө жумшоо сунушталат; токой фондунун менчик ээлерине зыяндардын ордун толтуруу жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу маселелерин аныктоодо мамилени өзгөртүү, “токой чарбалык зыяндар жана жоготуулар” бирдиктүү категориясын киргизүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталат.

Теги:
Количество просмотров: 100