• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин жактоочулары Асылбек Жээнбековго асылды

29 Тогуздун айы 2019 13:16 Бишкек Govori.TV

ЖЭБ маселесинде экс-төрага Асылбек Жээнбековдун жана комитеттин жетекчилеринин жоопкерчилиги бар. Бул тууралуу Сапар Исаковдун жактоочу Замир Жоошев бүгүн, 29-октябрда маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын саясий кеңешинин өкүлү Темирлан Султанбеков дагы Асылбек Жээнбеков «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамды бузган деп эсептеп, Башкы прокуратурага кайрылган.

Бишкек ЖЭБ боюнча макулдашууну ратификациялоону караган мыйзам парламентте кеминде 1,5 айда каралышы керек эле. Бирок парламент мыйзамды бир эле күндө регламент жөнүндө мыйзамдын 55-беренесин одоно бузуп, кабыл алып койгон. Буга байланыштуу КСДПнын саясий кеңешинин өкүлү Темирлан Султанбеков жана кесиптешим Нурбек Токтакунов Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура Асылбек Жээнбековдун ЖЭБ ишиндеги жоопкерчилигин териштирүүдөн баш тарткан,-деди жактоочу Замир Жоошев.

Эске салсак, 2018-жылдын кыш айларында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда.

Количество просмотров: 227