Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев тергөө абагындагы «Ички тартип эрежелеринин» сакталышын талап кылгандыгы үчүн абак кызматкерлери анын чачын күчтөп туруп такыр кырып салышканын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын айтымында, анын чачы ансыз да кырылган, бирок бир нече миллиметр эле өсүп калган.
Кадырбек Атамбаев Токтакунов менен жолукканда ушундай эле мамилеге партия лидери Темирлан Султанбеков да кабылганын, чачты стерилизациядан өтпөгөн устара менен кырып жатышканын айтып берген.
Буга байланыштуу Токтакунов президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, мындай мамилеге жол берген кызматкерлерди жазалоого чакырды.
Ушул эле маселени кечээ, 23-декабрда ЖКнын бир нече комитети чоогу өткөргөн жыйын учурунда Алмазбек Атамбаевдин тун уулу, депутат Сеид Атамбаев айтып чыккан. Ал да «Тергөө абактарындагы ички тартип эрежелери» тергөө абагында отургандарга берилиши керек экенин белгилеген.