• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Токтоболотова: Өзүмдү саясаттан көргүм келет

11 Бештин айы 2022 10:24 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Салима Токтоболотова. 44 жаштагы Токтоболотова саясий илимдин кандидаты, ал Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынан келген.

«Мен К. Токтоматов атындагы университеттин кафедрасынын доцентимин. Менин студенттер менен иштеген эмгегим 18 жылдан ашык. Ишим практикалык тажрыйба өтүп жаткан студенттерди жетектөө. Ар бир студенттин жетишкендиктери менин да жетишкендигим деп эсептейм. Саясий илимдердин кандидата болгондуктан албетте өзүмдү келесчекте саясаттан көргүм келет. Азыркы тренинг мен үчүн абдан маанилүү. Бул тренингден үмүтүм чоң, ошондой эле сүйлөө чеберчилигимди арттыруу максатында да биле турчу нерселеримди үйрөнөм деп ниет кылдым», — деди ал.

Количество просмотров: 78