• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токтогул ГЭСинде авария болгон эмес, бирок агрегаттарда мүчүлүштүк бар

7 Баш оона 2018 12:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.
Токтогул ГЭСинде авария болгону тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бирок, Токтогул ГЭСиндеги көмөк чордондун биринде мүчүлүштүк аныкталып, оңдолуп жатат.
Мүчүлүштүк чыккан көмөк чордон 15-июлдан бери сыноо режиминде иштеп жатат. Оңдоо иштерин кытайлык «JOC Technical Engineering Co Ltd» компаниясы жүргүзүп жатат. Аталган компания ГЭСти реконструкциялап жаткандыктан, көмөк чордонду оңдоо да ошол ишкананын эсебинен болот.
Буга чейин интернет булактарында аталган ГЭСте авария болуп, №1 трансформатор менен №1 гидроагрегат иштен чыкканы кабарланган.
Количество просмотров: 36