• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токтогул суу сактагычына суунун агып келиши төмөн болууда

28 Кулжа 202113:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 6 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 590 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 413 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Количество просмотров: 214